Домой Саясат / Политика Сооронбай Жээнбеков Отунбаевадан кеңеш сурады…

Сооронбай Жээнбеков Отунбаевадан кеңеш сурады…

-Президент Жээнбеков, өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровду бекитип беришсе өз арызын жазып кетээрин билдирген. Муну Ала-Арча резиденциясында парламент жыйынында сөз сүйлөп жатып Садыр Жапаров да тастыктап, 2 же 3 күндүн ичинде президент кетээрин айткан. Бирок, эртеси эле саясий интригалар башталып, Асылбек Жээнбековдун көздөй көргөн тарапташы депутат Аида Касымалиева Жапаровдун өкмөт башына келиши мыйзамсыз экенин жар салды! Кворум болбой калганын айтып, аны криминалдар коркутуп жатканын фейсбук баракчасына жазып чыкты. Бирок кайсыл криминал коркутканын ачыктай алган жок. Учурда коомчулук Сооронбай Жээнбековдун отставкага качан кетээрин күтүп жатышат. Бирок, Жээнбеков экс-президент Отунбаева менен жолугуп кеңеш сураптыр. Бирок Отунбаева Жээнбековго кандай кеңеш бергени азырынча белгисиз…

Oper.kg