Домой Коом / Общество Милициянын кайгуул кызматы элдик кошуун жана аскер кызматкерлери менен биргеликте кызмат алып...

Милициянын кайгуул кызматы элдик кошуун жана аскер кызматкерлери менен биргеликте кызмат алып барууда

Бишкек шаарынын аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоо, коомдук тартипти жана туруктуулукту орнотуу, ар кандай чагымчыл топтордун топтолуп, мамлекеттик же муниципалдык мекемелерге башаламандык менен басып алуу же кол салуу коркунучуна жол бербөө, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө менен бирге өзгөчө абалдын талаптарын аткаруу максатында Бишкек ШИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери атайын элдик кошуундун өкүлдөрү менен биргеликте түнкү кайгуулга чыгып, жол эрежесин сактабай же баш ийбеген айдоочуларга карата түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ошондой эле “102” линиясы боюнча жарандардан келип түшкөн ар кайсы багыттагы чакырууларды ыкчам жана сапаттуу тейлеп келүүдө.

Буну менен бирге шаар тургундарынын коопсуздугу үчүн Милициянын кайгуул кызматы аскер кызматкерлери жана элдик кошуундун өкүлдөрү менен бирге Бишкек шаарынын аймагына кирип чыгуу жерлеринде орнотулган атайын блок посттордо күчөтүлгөн тартипте кызмат алып барууда.

Андыктан баардык жарандарды түзүлгөн кырдаалды туура түшунүү менен кабыл алып, өзгөчө абал режиминин талаптарын сактоого чакырабыз.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы