Домой Аналитика Акеров мырза кайсы көпчүлүктүн атынан кеп кылып жатат?

Акеров мырза кайсы көпчүлүктүн атынан кеп кылып жатат?

Албетте, Акеров мырза такшалган саясий серепчи  катары алдына киши чыгарбаган аналитик экени жалпы коомчулукка жакшы белгилүү, тиги Акаев, Бакиевдерден бери.

Бул жерде дагы анын жүйөлүү аргументтерин кабыл албай коюу мүмкүн эмес. Мисалы:

  1. Бүгүн мезгил коомдон күчтүү саясатчыларды, экономистерди, юристерди, менеджерлерди, интеллекти өтө жогору адамдарды талап кылып жатат. Турмуштук реалдуулукта булардын парламентке, өкмөткө келишине жол жок. Анткени саясий партиялар кландык жана регионалдык негизде гана түзүлгөн.
  2. Президент С.Жээнбеков парламентке “Саясий партиялар” жөнүндөгү мыйзамдарды өзгөртүп, идеологиялык партияларга (классикалык вариант) басым жасагыла деп өтүнгөнүнө канча болду? Бирок, ЖК депутаттары али күнгө чейин керектүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизгизе алышкан жок.
  3. Эгер парламент ушул маселелерди эртерээк чечип койсо Президент С.Жээнбеков 7-апрелде элдин алдына барып сүйлөгөндө, анын жүзү жарык болмок. Биз өзгөрүүлөргө бет алдык деп үлкөн билдирүүлөрдү жасоосуна жол ачылмак. Ошондо С. Жээнбеков Кыргызстандын тарыхынын жаңы баракчасын ачкан президент болуп тарыхта калмак.
  4. КСДПнын жер-жерлерде ячейкалары көп. Булар саясий кеңешти өзгөртүп, партияга жаңы дем бүркүп барса болот. Балким, С.Жээнбеков бул ишти өзү демилгелеп, 7-апрелге карата чоң өзгөрүүлөргө барып, КСДПнын ЖКдагы фракциясы менен демилге көтөрүп, биригүүгө жол таштап калабы деп турам. Ошондуктан көпчүлүк С.Жээнбековду чачылганды жыйнаган, ачты тойгузган, байлыгыбызды арттырган лидер катары элдин эсинде калсын деп жатат да деген оюн айтыптыр.

Ооба, бардыгы туура, кынтыксыз, бирок, орустар айткандай, бул узун кептин учу, б.а. ударениеси (басымы) акыры келип кайсы ишке жана кимге келип такалып жатканында болуп жатканын байкоо кыйынчылыкка деле турбайт.

Ошондуктан, Акеров мырза кошоматчылык кылып: “Бардыгын эле жээрий бербей, И.Раззаковдой кылып бирөөнү өткөрүшүбүз керек” болуп жатканын түшүнүү деле кыйын эмес…

Бирок, турмуш өзү көрсөткөндөй,  “биз саясий элитабыз” деген кыргыз парламенти бүгүнкү күнү эл тандаган демократиялык өнүгүү жолуна баргысы келбей, кландык жана регионалдык олигархтардын колдоосунда укугу чектелген Президентти мурдагы достору менен кармаштырып коюп, мурдагыдай эле элди кокту-колотко бөлүп, мамлекетти талап-тоноп жашай берсек болот турбайбы деген таризде,  дагы бир срокко калуунун жолун издеп жортуп жүрүшкөнүн кайда катабыз?

Бул факт, тилекке каршы, айныгыс факт!

Сөзүбүз кур болбос үчүн дагы кошумча фактыларды айта кетели.

Жаңы тарых барактары

Эсиңиздерде болсо керек, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында азаттыктан башы айланган демократ-демагог мырзалар Ельцин, Шушкевич, Кравчук, Гамсахурдия, Акаевге окшогон  “жаңы реформаторлор” 70 жыл биримдикте жашаган элдерин батыштын үлгүсүндөгү прогрессивдүү эл кылабыз деген максатта дүйнө жүзүндөгү эң күчтүү Совет империясын бир күндүн, бир жылдын ичинде кантип таш-талканын чыгарганын!..

Ал убакыт тууралуу Россиянын жаңы лидери Владимир Путиндин өткөн 2019-жылдын май  айында Казан шаарында айтканы бар: “Прошлые 1991 – 1995 годы —  это трагические годы нашего разрушения!” деп.

Ошол убакта, 1993 жылы , Борис Ельцин  Кремлде Нурсултан Назарбаевди кабыл алып жатып: “Нурсултан Абишевич, как это вы смогли опередить нас в проведении экономических реформ?” деген суроосуна: “Это очень просто, Борис Николаевич, я распустил межилис (парламент), который стал растаскивать народное хозяйство и, своим, более чем 100 прямым указом сумел сохранить нашу промышленность, аграрный сектор и другие богатства Республики” деп.

Анын сыңарындай, азыркы, алкымы араандай ачылган кландык жана регионалдык, аты бар заты жок партиялардан турган парламентти, албетте,  алдыдагы шайлоого карата жаралган курч саясий кырдаалды эске алуу менен бирге мыйзам ченемдүү жолу менен таркатып, курч абалды стабилдештирүү максатында президент мамлекетти башкаруу вазийпасын өз колуна алып, б.а. өкмөттү жаңы шартта, жаңы состав менен жаңы соцалдык башкаруу системасынын алкагында иш алпарса туура болмок.

Дагы бир орчундуу мисал катары  дүйнөлүк практикада кеңири белгилүү —  пландаштырылбаган, мамлекеттик башкаруу системасыз калган жапайы капитализмдин кесепетинен  улуу депрессияга тушуккан (1929 – 1939 жж.) АКШнын экономикалык кыйрашын айтып кетүү зарыл. Америка элин ошол туңгуюктан алып чыккан реформатор президент Франклин Рузвельт (1933 – 1945 жж.) болгон. Ал ошол фондовый рыноктун кыйрашынан келип чыккан кризистин кесепетинен жумушсуз калган миллиондогон америкалыктырдын башын бириктирип, коммуналарды уюштуруп, жалпы экономиканы социалдык өнүгүү жолуна салып, 40-жылдардын башында АКШны өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошкон.

Акеров мырза айткандай: Чачылганды жыйнап, ачты тойгузуп, кемди байытып, америка элинин байлыгын арттырган лидер катары тарыхта калган. 

Ушул эле жол менен жапайы капитализмди ооздуктаган Скандинав өлкөлөрү (Норвегия, Швеция, Финляндия), Канада, Сингапур, Малайзия мамлекеттери да азыркы мезгилдин эң алдыңкы өнүккөн бай өлкөлөрүнүн катарында.

Ушул эле таризде “Ааламга жол айылдан башталат” дегендей С.Жээнбеков мырза да өз ишин 2018-жылдан баштап “Аймактарды өнүктүрүү” демилгесин көтөрүп чыкканда, эсиңизде болсо керек, биз дагы кандай кубандык эле. Бирок кландык, регионалдык партиялардан турган парламенттик башкаруу системасы анын демилгесин суутуп, барын өз ордуна коюп койду. Тактап айтсак, өзү тапкан оокатына өзү ээ болбогон айыл өкмөтү кантип өнүкмөк эле? Алар тапкан оокатты парламент каалагандай калчап, өкмөт мүчөлөрүн менчиктеп алышып, кол тийбестик макамынан пайдаланып, өзүлөрүнүн гана менчик бизнестеринин камын көрүп жүрүштү. Ошол себептен азыркы учурда президент айыл-айылдарга барып, элдер менен жолугуп, алардын күнүмдүк жашоо турмушу менен жакындан таанышкан сайын эми, эми гана жаңыдан түшүнүп келе жатабыз, бул жерде минтип өнүгүү мүмкүн эмес экендигин.

Ошон үчүн президент парламентке барып өтүнгөн: “Саясий партиялар жөнүндөгү мыйзамдарды өзгөртүп, элдин кызыкчылыгын коргогон, элге кызмат кылган идеологиялык партияларга өтөлү” деп.

Бирок биздин парламентарийлерибиздин кимиси жана качан президенттин мындай демилгесин колдоого алып, болбосо, жок дегенде өзүнүн оюн, сунушун айтууга аракет  кылды эле?  Эч кимиси жана эч качан.

Ооба, азыркы кыргыз бийлиги, биринчи кезекте анын башында турган парламенттик башкаруу системасынын өкүлдөрү —  депутаттар, өкмөт мүчөлөрү, сот, укук коргоо, күч жана фискалдык органдары болуп, бийликтин облустук жана райондук ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен бирге айыл өкмөтүнүн башчылары болуп, бардыгы тең ошол коррупцияланган саясий башкаруу системанын эң негизги механизми болуп калганын ачык эле көрүп турбайбызбы…

Ошондуктан, өткөндөн сабак алып, мындай шартта улуу кыргыз элинин бир урпагы, Кегети жайлоосун жайлаган илгерки Жетиген уруусунун кулуну Назарбай уулу Нурсултан мырзанын адилет жана кеменгерлик жолун жолдоп, карапайым кыргыз элинин нукура кызыкчылыгын коргоо иретинде азыркы кландык, регионалдык парламенттин ишин убактылуу токтотуп, эртеңки 7-апрелде элдин алдына чыгып: “Урматтуу менин мекендештерим! Бүгүн биз элибиздин бактысы үчүн окко учкан уул-кыздарыбыздын арбагын сыйлап, мындан ары мамлекеттик башкаруу системасын элдин кызыкчылыгына бурууну элдин атынан сунуштагым келет. Эгерде Сиздер менин ушул сунушумду бир добуштан колдоого алып берсеңиздер, мен бул ишти жакынкы арада ишке ашырууга даярмын” деп.

Менимче, президенттин мындай сунушун Кыргызстан элинин 99 пайызы бир добуштан колдоп берет деп  абсолюттук ишеним менен айта алам.

Анткени, өзүңүздөр көрүп, билип тургандай кыргыз мамлекетинин алгачкы эгемендүүлүк жылдарынан баштап, азыркы, авторитети кеткен “чала сабат чимкирик” эл өкүлдөрүнө чейинки Кыргыз парламентинин кыянат иштеринин кыскача хронологиясын эскере кетели:

  1. М. Шеримкулов жетектеген “Легендарлуу парламенттин” курамы А.Акаевдин өтүнүчүн аткаруу иретинде “Кумтөр” алтын кен-байлыгын Канадалык аферистердин менчигине чыгарып беришкени;
  2. Ошол эле А.Акаевдин “авторитетин” колдоо иретинде кыргыздын тарыхый өрөөнү — “Үзөнгү-Куушту” кытайларга өткөрүп берген;
  3. К.Бакиевдин “баркын” колдоп, кыргыздын кара чечекей Каркырасынын бир бөлүгүн казактарга кармата бергени;
  4. Мамлекеттин бюджетин үй-бүлөөлүк ЦАРИге өткөрүп берүүгө макулдугун  бергени;
  5. Убактылуу өкмөттүн чечимин ишке ашыруу максатында АКШнын Мамдепи тарабынан сунушталган кыргыз элинин менталитетине жат Конституциянын вариантын кабыл алуусун камсыздаган;
  6. Бишкек ЖЭБин реконструкциялоо боюнча долбоорун  кароосуз калтырганы

ж.б.у.с. чыккынчылык жана кайдыгерлик мамиле кылган Жогорку Кеңештин кимге кереги бар? деген суроо ушул убакытка чейин жоопсуз калууда.  

Эгерде быйылкы парламенттик шайлоо дагы ошол эле тартипте өткөрүлсө, албетте, кыргыз элинин шору дагы 5 жылга созулары шексиз…

Анткени бул парламент өзүнүн кызыкчылыгын колдон чыгарбас үчүн Президент мырзага  шантаж катары: “ Биз Сиздин шартыңызга көнүп, экс-президентти камоого негиз түзүп бердик, эми Сиз биздин шартыбызды аткарышыңыз керек, болбосо…” деген ультиматумду кабыргасынан коюшу мүмкүн.

Мындай саясий кризистен чыгууга биздин кандай мүмкүнчүлүгүбүз бар?

Жогоруда айтылгандай, президент айыл-айылдарга барып, элдер менен жолугуп, алардын күнүмдүк жашоо турмушу менен жакындан таанышкан сайын эми, эми гана жаңыдан түшүнүп келатканын көрдүк, бул жерде минтип өнүгүү мүмкүн эмес экендигин.

Анткени айылдын өз алдынча өнүгүү ишине президент эмес, өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү эмес эл шайлаган, өз территориясынын жана өз бюджетинин толук кандуу ээси катары айыл өкмөтүнүн башчысы гана, башкы менеджер катары, түздөн-түз жооп бериши керек экенин турмуш өзү көзгө сайып көргөзүп турат.

Ал эми Кыргызстан эли шайлаган президент болсо мамлекеттик үч бийликтин координатору катары Кыргыз мамлекетинин ички жана сырткы саясатына, мамлекеттин эгемендүүлүгүн, көз карандысыздыгын жана коопсуздугун сактаган, жарандарынын Конституциялык укугун жана эркиндигин коргогон гарант катары мамлекеттин экономикалык жана социалдык өнүгүү жолунун стратегиялык багытын аныктаган лидер болушу шарт.

Боло албаса, ачыгын айтсын, элин алдап, өзү да убара болуп, көрүнгөнгө  жаман көрүнбөй… Болбосо, Акеров мырза айткандай: “Анда мурдагыдай эле жашай беребиз да айласыздан. Бирок, акыры эл тажаганда аргасыз идеологиялык партияларга өтүүгө аргасыз болобуз” деп.

Анткени Кыргызстандын акыркы 30 жылдык жаңы тарыхында Европалык өлкөлөрдүн 100 — 1000 жылдык эгемендүүлүк тарыхындай азыркы кыргыз коомчулугунда тигил же бул партиялык катмарлар али калыптана элек.

Ал эми биздин кландык жана регионалдык партиялар болсо  2010 жылы  АКШнын Мамдепи тарабынан сунушталып, Роза Отунбаеванын жетекчилиги астында кабыл алынган Конституцияда жазылгандай, кыргыз элинин кылымдар бою калыптанган бийик нравалык улуттук каада-салтына, үрп-адатына жана көөнөргүс маданиятына каршы иштеген, батыш өлкөлөрүнө таандык дүнүйөкорлук жана аморалдык жашоо приниптерин жагымдуу өнөкөт кылып алышкан.

Көпчүлүк деген ким?

Сооронбай Жээнбеков 2018- жылдын 8-февралында Коопсуздук кеңешинин жыйынында:“Мен коррупцияга каршы күрөштүн башатында турам. Бул күрөштө эң башкы күч – Президенттин саясий эрки! Мындай саясий эрк менде бар, мен ал күрөшкө даярмын” дегенден бери бүгүнкү күнгө чейин үчүнчү жылдын жүзү болуптур.

1991-жылдан баштап коррупцияга белчесинен баткан мамчиновниктер азыркы күнү аларга каршы башталган “аеосуз күрөштүн” натыйжасында эми кекиртегине чейин батып калышыптыр…

Өзгөчө сот, укук коргоо, күч жана фискалдык органдарында каралып жаткан жарандык жана кылмыш иштери боюнча көз көрүнөө зордукка, зомбулукка тушуккан жабырлануучулардын саны миллионго жетип калды. Ал эми аларды текшерген, тескеген мамчиновниктердин саны, көп болсо бир-эки жүз, үч жүз миңдин тегерегинде.

Демек, С.Жээнбеков чачылганды жыйнап, ачты тойгузуп, байлыгыбызды арттырып турса, жанагы коррупция деген желмогуз өзүнөн өзү эле жок болмок да, туурабы?!.  Андай болсо эмне себептен мурда коррупцияга белчесинен баткан мамчиновниктер бүгүнкү күнү кекиртегине чейин батып баратышат?

Мындай шартта кайсы элдин кайсы көпчүлүгү бирөөнү Раззаковдой кылып көтөрүшү керек болуп турат:

  • миллионго жакын жабырлануучулардын көпчүлүгүбү, же
  • үч жүз миңге жакын коррупциядан башы чыкпаган мамчиновниктердин көпчүлүгүбү?

Экинчи суроо:  7-апрелде С.Жээнбеков аянтка кайсы элдин көпчүлүгү менен жолугушууга барып, аларга алдыда эмне деген өзгөрүүлөр боло турганын айтып бере алат:

  • аты бар заты жок кландык, регионалдык саясий партиялардын ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуу тууралуубу, же
  • КСДПнын ЖКдагы фракциясы менен демилге көтөрүп, мурда мажбурлап чыгарылган А.Жээнбеков менен И.Матраимовдорду бириктирип, алдыдагы парламенттик шайлоого бир команда менен барууну сунуштоо максатындабы?

Жана, акыркы суроо:

  • С.Жээнбеков  Кыргызстанды Араб дүйнөсү менен ала түшүп, алар менен тең ата болуп иштешүүнү жолго коюшу керекпи, же
  • Р.Отунбаева айым Кыргызстанды  АКШнын мамдепине кул кылып салып берген Конституциясы менен мындан ары да жашай берүүнү уланта береби?

Анткени, түпкүрүндө, арабдар менен жөөттөрдүн атасы бир Нойдун Сим менен Сэм деген уулдарынан тараган элдер экенин эске алганда.

Орустар айткандай: “Хрен – не слаще редьки” деп,  жөөттөрдүн уюткусу болгон АКШнын мамдепи уюштурган гейлердин парады арабдардын кебез менен мууздаган пан-исламизм идеологиясынан кем эмес кесел экенин да эске алганда.

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр цивилизациясынын башатында турган Улуу Кыргыз Эли үчүн мындай тагдыр жакшылыкка алып келет деп ишенүү кыйын. Аны өзүңүз, саясат таанучу жана тарых илимдеринин кандидаты катары, абдан жакшы билесиз жана түшүнөсүз.

Мындай шартта Сиздин мындай эки анжы позицияңыз элибиздин келечектеги күмөн тагдырына моюн сунгандыкпы, же күнүмдүк эле кызыкчылыкпы?

Менимче, өзүңүз айткандай: “Бүгүн мезгил мамлекеттен жана коомдон күчтүү саясатчыларды, экономистерди, юристерди, таланттуу менеджер  жана интеллекти өтө жогору адамдарды талап кылып жатат”.

Ал эми таланттуу менеджер жана интеллекти жогору кесипкөй адистер болсо, азырынча, көмүскөдө калып, иш жүзүндө дилетанттар менен кошоматчы шылуун-шүмшүктөр гана билген бийлигин жүргүзүп жатышат.

Эмесе, сөз Сизде, урматтуу Табылды мырза!

Oper.kg