Домой Коом / Общество Республика: 6% ипотека! Мугалимдер жана дарыгерлер үчүн – баштапкы төлөмсүз!

Республика: 6% ипотека! Мугалимдер жана дарыгерлер үчүн – баштапкы төлөмсүз!

2010-жылы түзүлгөндөн бери «Республика» партиясы үчүн ар бир кыргыз жараны үчүн жеткиликтүү турак жай артыкчылыктуу маселе болуп келген. Ошол кезден баштап партия “Жеткиликтүү турак-жай” программасын ишке киргизүү жана ипотекага каражаттарды мамлекеттик бюджеттен берүү зарылдыгы жөнүндө маселе көтөргөн.

Жаңы шайлоо программасында «Республика» ошондой эле мамлекеттик ипотека насыясынын пайыздык ченин 6% га чейин төмөндөтүү максатын белгиледи.

«Ипотека 6% менен берилет! 2015-жылы биз мамлекеттик ипотека маселесин көтөрдүк. Ал бүгүнкү күндө иштеп жатат жана жылына 1 миллиард сом субсидия бөлүнөт. Биз бул сумманы үч эсеге көбөйтөбүз! Мамлекеттик ипотека компаниясын жоюлуу, Улуттук банктын саясатындагы өзгөрүүлөргө байланыштуу, биз ставканы дагы бир нече пайызга төмөндөтөбүз», — деди партиянын лидери Мирлан Жеенчороев.

Бүткүл өлкө боюнча дарыгерлерге жана мугалимдерге ипотека баштапкы төлөмсүз берилет, буга байланыштуу көптөгөн бюджеттик кызматкерлер ипотекалык насыялоо программасынын катышуучулары боло албай жатышат.

«Республика» партиясы мамлекеттик башкаруу боюнча сунуштаган реформалоо пакетине президенттик институттун жоюу, депутаттардын санын 75ке чейин кыскартуу, министрликтерди 16дан 7ге кыскартуу, УКМКны, анын курамындагы Коррупцияга каршы кызматы жана прокуратураны жоюу кирет! Партия жумуш орундарын жана бизнести өнүктүрүүнү башкы артыкчылык деп белгилеген: айыл чарба насыялары 5% чейин, мамлекеттик ипотека насыялары 6% чейин, беш салыктын ордуна бирди киргизүү, саламаттык сактоо, билим берүү, туризм жана технология тармактарын салыктардан бошотуу. «Республика» бардык мамлекеттик компанияларды жоюп, андан түшкөн каражатты чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багыттоону сунуш кылат.

Буйрутмачы: «Республика» саясий партиясы. ИНН  01708200710163. «Республика» саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.