Домой Коом / Общество Руслан Казакбаев, “Республика” №14: Шайлоо күнү элдин добушун эч ким көзөмөлдөй ...

Руслан Казакбаев, “Республика” №14: Шайлоо күнү элдин добушун эч ким көзөмөлдөй албайт!

Руслан Казакбаев, “Республика” №14: Шайлоо күнү элдин добушун эч ким көзөмөлдөй албайт!

“4-октябрь алдыдагы беш жылдык тагдырды аныктай турган күн! Кыргызстандын келечеги сиздердин колдо! “Республика” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Руслан Казакбаев Баткен областынын Кулунду айылында  өткөн  жолугушууда  элди добуш сатпай, татыктуу партияны тандап алууга чакырды:

“Жарык менен караңгынын, эскиси менен жаңынын, бир жагында абийир, ар-намыс, бир жагында акча, шылуундук, эки жүздүүлүктүн күрөшү болуп жатат. 4-октябрда сиздердин добушуңуздарды эч ким көзмөлдөй албайт! Добуш көзөмөлдөнөт дегенге ишенбегиле! Балдарыңыздардын, мамлекеттин беш жылдык келечегине балта чапканга жол бербегиле!”

Талапкердин айтымында, дүйнөлүк экономикада Кыргызстан 150 орунда турат, учурда мамлекет кардиналдуу реформаларга өтө муктаж, эл өзгөрүүлөрдү күтүп жатат.

“Биз акыркы эң кедей 30 мамлекеттин ичиндебиз. Жерибиз, кен байлыктарыбыз бар, касиеттүү кыргызстандыктар, кадырман аксакалдарыбыз бар! Олуттуу реформалар, чечкиндүү чаралар аркылуу гана экономиканы көтөрө алабыз. Биз өлкөнүн эртеңи үчүн олуттуу реформаларага бүгүн барышыбыз керек! Андыктан, арзыбаган акчага, куру убадаларга алдырбай, туура чечим кабыл алгыла деп суранам”, — деди Руслан Казакбаев шайлоочуларга кайрылуусунда

“Республика” партиясы мамлекеттик башкаруу боюнча сунуштаган реформалоо пакетине президенттик институтту жоюу, депутаттардын санын 75ке чейин кыскартуу, министрликтерди 16дан 7ге кыскартуу, УКМКны, анын курамындагы Коррупцияга каршы кызматы жана прокуратураны жоюу кирет! Партия жумуш орундарын жана бизнести өнүктүрүүнү башкы артыкчылык деп белгилеген: айыл чарба насыялары 5% чейин, мамлекеттик ипотека насыялары 6% чейин, беш салыктын ордуна бир салык  киргизүү, саламаттык сактоо, билим берүү, туризм жана технология тармактарын салыктардан бошотуу кирет. “Республика” бардык мамлекеттик компанияларды жоюп, андан түшкөн каражатты чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багыттоону сунуш кылат. Орто  жана кичи бизнес экономиканын негизин  түзгөндүктөн,  “Республика”  партиясынын   программасында бул тармакка 3% насыя берүү каралган.

Буйрутмачы: “Республика” саясий партиясы. ИНН  01708200710163. “Республика” саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.