Домой Коом / Общество Шайлоодон кийин жаңжал болобу?

Шайлоодон кийин жаңжал болобу?

Учурда коомчулук тарабынан ар кандай божомолдор пайда болуп, парламенттик шайлоодон кийин бийликке нааразычылыктар күчөп, жаңжал чыгып кетиши мүмкүн экендиги айтылууда. Ошондон уламбы, айтор айрым саясатчылар ачыкка чыкпай буктурмада жатышат. Шайлоонун шаңы да мурдагы шайлоолордой эмес. Элдин көңүлү суз, жүрөктөрү муздак. Көпчүлүк эл бийликтен үмүтүн үзгөн. Шайлоо эмес, курсактын камын ойлошуп, пандемиянын экинчи толкунунан жүрөкзаада болуп жатышканы байкалат. Кокус жаңжал чыгып, өлкөдө саясий абал курчуса ким токтотот деген суроо туулат?

Oper.kg