Домой Аналитика Сыноо

Сыноо

“Байлык менен бийлик колдун кири, жуусаң — кетет, өлсөң — калат…”

                                                                                 Эл сөзү

 

Ооба, адам баласы ар күнү турмуштун сыноосунан өтүп турат.

Ал эми адамзатка жиберилген Жараткандын сыноосу болсо 100-1000 жылда бир келиши мүмкүн.

Балким, азыркы биздин башыбызга түшкөн мүшкүл, ошолордун биридир.

Албетте, жер астын-үстүн болуп кетпегенден кийин, турмуш улана берет эмеспи…

Ошондой болгон күндө дагы: “О, Жараткан! Эртең эмне болуп кетээр экен? Эртең балдарым эмне болот? Мен го, жашаарын жашадым, азыр алып кетсең да арманым жок. Бир гана арманым – эртең балдарымдын көргөн күнү эмне болот? Ошолорго бир жакшылык бере көр, айланайын Жаратканым, суранам сенден?!.” — деп айткың келет экен.

Ырас эле, эртең эмне болушу мүмкүн?

Ооба, ушундай суроо менде да бар. Анткени акыркы күндөрү эмне айтып жана эмне чара көргөнүбүздүн бардыгы азыркы мезгилдин сыноосунда, балким, анча деле проблема эместир, бирок ар бир адамдын өмүрүндөгү бардык сыноонун баары чогулуп келип туруп, ушул, жалпы адамзаттын сыноосуна келип такалып турганында болушу керек деп ойлойм.

Мындай шартта буга чейинки жашоо турмушубуздун кай бир орчундуу сүртүмдөрүн эске алып, эртеңки күндүн жашоочуларына накыл кеп катары айтып коюшум керек экенин сезип турам.

Албетте, анын ичинде кубанарлык иштер менен бирге, капачылык деле эмес, жөн гана, айрым жаштардын өсүү багытындагы кай бир күмөн жараткан жүрүштөрү тууралуу айткым келет.

Кубанычтуу кабарлар

Албетте, сөз эртеңки күн жөнүндө болуп жаткандыктан, демек, эртеңки күн – биздин келечегибиз жөнүндө, б.а. биздин бүгүнкү жаш муундарыбыздын эртеңки тагдыры жөнүндө  экени шексиз.

Эмесе, алгачкы үмүт жараткан кубанычтуу кабар катары  —  Кыргыз мамлекетинин Жогорку Кеңешинин акыркы отуз жылдык тарыхында биринчи жолу өз позициясын ачык айтып, аны аягына чейин карманууга даяр турган жаш муундардын пайда болушун айткым келет.

Ооба, ошол “легендарлуу парламенттен” тартып азыркы, 6-чы чакырылыштагы парламентке чейинки убакта,  расмий өкмөткө альтернатива катары сырттан таңууланып, ачык да жана жашыруун да каржыланган  айрым бейөкмөт уюмдарынын көз карандысыз жана калпыс ишмердүүлүгү,  чындыгында, депутаттардын эч кимисин кызыктырган деле эмес.

Тескерисинче, ошол калпыс иштер менен алектенген кай бир бейөкмөт уюмдарынын жетекчилери депутаттык мандатка жетишүүгө чейин үлгүрүп, Жогорку Кеңештин бийик трибунасын өзүлөрүнүн гана кызыкчылыктарын коргобостон, Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүнө жана улуттук ар намысына шек келтирген реакциячыл саясий күчкө айланууга чейин жетишкен.  

Буга далил катары  трагедиялуу 2010-жылы Ош окуясынын белгилүү чыккынчы мыкаачысы Азимжан Аскаровду коргоого алышып, ашынган либерал-демократтардын жана феминисткалардын колдоосунда Бишкектеги борбордук аянттын айланасын гейлердин, гомосексуал жана эркин сойкулардын эркин жашоосун даңазалаган подиумга айландырып алышкан.  

Акыры, ким билет, Ала-Тоо аянтынын эгеси Манас атабыздын арбагы козголдубу же Чынгыз агабыздын арбагы ойгонуп, Курманжан Датка энебиз менен Уркуя эжебиздин арбактары түшүнө кириштиби, айтор, эмне болгон күндө да, ата-тегинин ар намысын жоготпогон, кайраты күч, адамдык аброю бийик, патриот уул-кыздарыбыздын бир тобу мындай руханий беспределге чек коюу максатында ЖКнын акыркы сессиясында Бейөкмөт уюмдарынын ишмердүүлүгүн мамлекеттик көзөмөлгө алуу мыйзамын иштеп чыгып, депутаттардын кароосуна коюп, кабыл алууга жетишишти.

Алардын атын, ушул жерде, сыймыктануу менен атагым келет. Алар:Бактыбек Райымкулов, Умбеталы Кыдыралиев, Марлен Маматалиев, Аида Исмаилова, Улан Примов, Жылдыз Мусабекова, Евгения Строкова жана Бактыбек Турусбеков мырзалар жана айымдар!..

Бул эр-азаматтарыбыздын мындай бийик нравалык жарандык позициясын, мен,  ашык-кеми жок, Улуу Ата-Мекендик согуштун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин фашистин дзотуна көкүрөгүн тозуп, элин, жерин  түбөлүк кулчулуктан сактап калган эрдигине теңээр элем!..

Анткени, ансыз, Ата-Мекенин, элин, жерин коргоодо эбегейсиз эрдик, чексиз сүйүү жана туруктуулук болмойунча жеңишке жетишүү мүмкүн эмес.

Экинчи жагынан, кыргыз элинде: “Аял – асыл зат” жана “Аял — үйдүн куту” деген түшүнүктөр бар эмеспи. Анын сыңарындай, Кыргыз мамлекетини Борбордук Аянты кыргыз эли үчүн Теңир сүйгөн асыл зат адамындай — ыйык жана таза болушу керек деп ойлойм.

Кийинки кабар:

Ооба, Кыргыз эли байыртадан бери рухий дүйнөсү бай, зоболосу бийик, эр жүрөк, даанышман жана кеменгер эл болуп келген.

Өзгөчө, жаз келгенде, жайнап чыккан кызгалдактай кыздары менен!..

Айтайын дегеним, ошондой жаз гүлүндөй жалындаган, көз мончоктой арууланган, айтса сөзү балдай, күлсө өзү айдай, арийне сымбаттуу жана  таланттуу кызыбыз бар экен. Аты – Ырысгүл Изатова.

Мен үчүн мындай көрүнүш – Улуу кыргыз элинин эртеңки келечегинин жүзү да ушул кызыбыздын жүзүндөй жаркын болооруна ишеним жараткан  керемет кабар катары сезилет.

Эмесе, жаркын кызыбызга жакшы ой-тилегибизди арнап:

Жаштыктын жан дүйнөсүн жарып чыгып,

Жаралса жанып, күйгөн сүйүү ыры –

Албетте, ал сүйүүнүн дастаны, санжырасы,

Албетте, ал сүйүүнүн күйүтү, жүрөк сыры!..

Анткени ай чырайлуу, атыр жыттуу

Ал кыздар кыргызымдын ырыскысы!..демекчимин.

Күмөн жараткан жүрүштөр

Азыркы убакта Кыргызстанда эң жек көрүндү болуп бүткөн бийлик өкүлдөрү, анын ичинде, биринчи кезекте Жогорку Кеңештин 6-чы чакырылыштагы депутаттары болуп калды. Албетте, жогоруда аты аталган бир ууч патриот айымдар менен мырзаларды кошпогондо.

Бирок ага карабастан, бийликке жаңы келген Президент мырза эски досу менен келишпестиктин кесепетинен күтүлбөгөн саясий кризиске кабылып,  көпчүлүк  депутаттардын колдоосу менен ал “кризистен” чыгаар замат: “Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилбейт, менин укуктарым кеңейтилбейт” деп, б.а. “Айланайын депутаттар, быйылкы парламенттик шайлоо өз убагында, эч өзгөрүүсүз, силер кандай деп чечсеңер – ошондой шартта өтөт” деген таризде карызын кайтаруу максатында кепилдик берип жиберди.

Ошол себептен азыркы аракеттеги депутаттар жана жаңы шайлоого баруучу кандидаттар да: ”Кудай буюрса Президенттин колдоосу менен дагы бир жолу мандатыбызды сактап калууга жана депутат болууга толук мүмкүнчүлүк пайда болду. Мындай шарттан келесоолор эле пайдаланбай калбаса – биз анык шайлоого барышыбыз керек!” деп шымаланып турган убактары.

Ушул эле таризде Эл аралык реакциячыл уюмдардын колдоосунда, тактап айтканда, белгилүү оппозиционер Гулен мырзанын колдоосунда КСДПга альтернатива катары жаштардын КЛДП партиясы да түзүлдү.

Бул кадам, албетте, Кыргыз мамлекетин өз алдынча өнүгүүдөн алыстатып, мамлекеттик башкаруу системасын биротоло Батыштын идеологиясына баш ийдирүү максатында көрүлгөн иш-чара экенинде шек жок.

Орустар айтмакчы, “так легче грабить” деп.

Демек, азыркы Кыргыз мамлекети башы жок парламенттик башкаруу системасынын курмандыгы болгон шордуу эл экенинде, турмуш өзү көрсөткөндөй, эч кимдин шеги деле калбай калды.

Билбейм, биз, кыргыздар, кайсы жерден кандай ката кетирип, канча миң жылдан бери сакталып келаткан кыргыз элинин көөнөргүс каада-салтын, үрп-адатын, көчмөндөр цивилизациясынын башатында турган бийик маданиятын кайсы коктуда, кайсы айбандын колу менен булгап, кайсы наадандын жолу менен адашып, кайсы жарга барып такалып, бүгүнкү күнү минтип карайлап, өзүбүзгө өзүбүз баш-көз боло албай, көрүнгөндүн көзүн карап, темселеп турганыбызга таң калам.

Ошол эле убакта бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөй келсе сөздөрүнүн баары туура, бирок алардын бир да сөзүнүн тирүүлөй жаны жок штамп, штамп, штамп…

Иштей келсе ишинин да дайыны жок. “Биз тигини тигинтип атабыз, муну минтип атабыз, тиги тигиндей болот, бул мындай болот” дегенден башка.

Бирок бир да иш тууралуу “бул мындай болду же тиги тигиндей болду” деп, так кесе айтылган бир да сөз жок. Анткени, аягына чыккан, элдин жашоо турмушун жакшы жагына бурган, мамлекеттин өнүгүү программасын алга жылдырган бир да өзөктүү иш-чара көрүнбөйт.

Бул эмне деген бийлик экени күн өткөн сайын  күмөн жаратып, түшүнүксүз болуп баратканы тынчсыздандырат.

Сөзүбүз куру болбос үчүн парламенттин бир эле күндүк “ишмердигине” көңүл буралы. Ооба, буга чейинки парламенттик сессиялардын биринде да мындай көп сандагы депутаттардын катышуусунда бир да заседание болуп көргөн эмес.

Бул жолу болсо коронавирус эпидемиясына байланыштуу парламенттик отурум 112  депутаттын катышуусунда өткөнү өзүнчө эле бир рекорд болуп калды. Бирок, сапаты жагынан, баягыдай эле, ансыз да азыркы тапта эмне кылаарын билбей алдастап турган өкмөт мүчөлөрүн кааалагандай тепкилешип, алдары жетишинче жиликтешип, көпчүлүккө “көсөмдүктөрүн” көрсөтүү максатында “биз мына, моминтип, күйүп-бышып, элдин камын көрүп жатабыз” дегендей таризде бир өзөктүү сөзү жок болсо да элдин көзүнө көрүнүү үчүн буркан-шаркан түшүп, эртеңки боло турган шайлоонун камын көрүп жатышканы даана көрүнүп турат.

Жаңы партиялар тууралуу

Партия деген, классикалык түшүнүк боюнча, тигил же бул коомчулуктун эволюциалык өнүгүү жолунда пайда болгон өзгөчө бир активдүү бөлүгү өз кызыкчылыктарын коргоо иретинде биригишип, башка группаларга каршы күрөшүүнү максат кылын койгон саясий уюм катары түшүндүрүлөт.

Мисалы, адам баласынын акыркы миң жылдык тарыхында анын феодализм доорунан капитализмге өтүп, андан социализм жана коммунизмге өтүү жолунда пайда болгон активдүү группалары: а) буржуазия (бийлик өкүлдөрү),

б) пролетариат (жумушчу калк) жана в) интеллигенция (интеллектуалдык кызмат) болуп бөлүнүшкөн.

Алар, өз кезегинде, бийлик ээлери –  консерваторлор жана лейбористер болуп,  жумушчу калк – коммунистер жана социалистер болуп жана интеллигенция өкүлдөрү —  демократтар жана либералдар, анархистер жана улутчулдар болуп бөлүнүшкөн.

Мунун баары, албетте, урматтуу окурмандарга менсиз деле кеңири белгилүү. Менин айтайын дегеним:

Буга кошумча катары партия, тактап айтканда,  Кыргызстандын саясий турмушунда жаңыдан пайда болгон либералдык партия жөнүндө кыскача айта кетүү зарыл болуп турат.

Анткени, көпчүлүк эл билиши керек, орустун белгилүү ойчул, философ- жазуучусу Федор Достоевский “эгер Россияны кимдир бирөөлөр кыйроого учуратчу болсо, алар коммунистер эмес, анархистер да эмес, каргыш тийген либералдар болот” деп айткан.

Анын сыңарындай,  дүйнөлүк эл аралык саясий турмуш тастыктагандай, кайсы өлкөдө болбосун,  бүгүнкү күнү либералдар үчүн мамлекеттик же элдик кызыкчылык деген түшүнүк болбойт. Алар өз кызыкчылыгы үчүн любой убакта мекенин да, элин да сатып кете беришет.

Мындай көрүнүш Кыргызстанда качан, кантип жана эмне себептен пайда болгону тууралуу кыскача информация бере кетейин. Алар:

  • биринчиден, белгилүү журналист Алтынай Арстанбекова өзүнүн фейсбук баракчасына жазып чыккандай: “Чын чычалайт, Жанар (Акаев). Андан көрө кесиптеш акең Нурбаев экөөңөр ЖКте бекер отурбай бир мандаттуу шайлоону камсыз кылып, мыйзамга өзгөртүү киргизсеңер болмок. Ошондо эл сени карыз кылбай, акчасы жок эле шайлап коймок. Ошондо сен ак, таза иштеп бермексиң. Ушундай жол менен парламентти туура иштетпесе, партияга жамынып алып, “чимкирик” аталып шерменде болуп атпайсыңарбы. Же жалганбы? Миллиондорду ыргыткандардын заказын аткарып, ошолор буйрук берген мыйзамдарды гана колдогонуңар жалганбы? Эмнеге эл арасындагы актуалдуу маселелерди көтөрүп чыкпайсыңар? Неге буйрук менен гана иштейсиңер? Гулендин акчасына уюшулган КЛДП анын буйругун аткарбайт деп ким кепилдик бере алат? Мигранттардан акча чогулттук деп калп айтканыңар билинди. Каржы маселесин кайдан алганыңарды ачыктагыла. Анте албасаңар, шермендесиңер!” деп,
  • экинчиден, дүйнөлүк практикада эл өкүлү катары адамдын, элдин тагдырын чечүү үчүн турмуштун бар-жогун, ач-тогун түшүнгөн, билген, табиятында алтымыштан ашып, жетимишке жетип калган абройлуу, кесипкөй жана тажрыйбалуу инсандардын келиши мыйзам ченемдүү жана логикалык көрүнүш. Ал эми бул жерде болсо, эки жүздүүлүктүн маскасын кийип, “партия” деген макамга жамынып алып, элдин эсебинен байып, бейпил жашоону максат кылып койгон жаш либерал-демократтардын алгачкы аферистик жүрүштөрүн көрүп, аргасыздан жакаңды карманат экенсиң,
  • үчүнчүдөн, мындай идеологиялык беспределге атайын жол берилип,   Убактылуу өкмөттүн чечими менен 2010-жылдын 27-июнунда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясы. Анын мыйзамдарына ылайык Кыргыз мамлекетинде көп  партиялык, көп конфессиялык, либерал-демократиялык (“өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” деген таризде) жана түздөн-түз бийликтен көз каранды сот аркылуу коррупциялык мамлекеттик башкаруу системасы кабыл алынган. Анын негизинде, өзүңүздөр көрүп тургандай:
  • ар бир акчалуу шылуун өзүнүн кокту-колоту менен өзүнчө бир партия түзүп алып,
  • ар бир чала молдо өзүнүн айылы менен өзүнчө бир сунниттердин, шейиттердин же исмаилиттердин сүрөөлөрүн жаттап алып,
  • ар бир мамлекеттик кызматкер, албаймын десе да болбой баш мыйзам жол берген жобонун негизинде аргасыздан ашынган коррупционерге айланып,
  • ар бир либерал-демократ бейөкмөт уюмдары аркылуу Мамдептин (АКШ) колдоосунда кыргыз элинин чыккынчыларын коргоого алып, гэй-параддарды уюштуруп, наркомания, проституция ж.б.у.с. ирик-чириктерди “демократия” деген фишка аркылуу кыргыз элинин күнүмдүк жашоо турмушунун эрежесине айландырып алышкан.

Мына ушул эки жүздүүлүк саясаттын негизинде: “Биз, Кыргызстан эли – эгемендүү, демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекетпиз” деп, чындыкка коошпогон кур сөздөрдү Баш мыйзамдын башына 1-берене кылып жазып коюшкан.

 Коронавирус менен коррупциянын айырмасы эмнеде?

Мисалы:

  • азыркы учурдагы жалпы адамзаттын башына түшкөн мүшкүл коронавирус эпидемиясы күтүлбөгөн кырсык катары өзүнүн курмандыктарын ачыктан-ачык жана көз-көрүнөө алып кетип жатса,
  • эгемендүүлүк алгандан бери Кыргызстан элинин башына түшкөн мүшкүл —  жабык коррупция илдети көзгө көрүнбөгөн мамлекеттик башкаруу системасы аркылуу кыргыз элинин ырыскысын талап-тоноп, кен-жер байлыгын сатып байып, ишсиз калган уул-кыздарын жер кездирип тентитип, шордуу элинин мойнуна миллиарддаган карыздарын илип, итке мингизип коюшуп, Москва, Нью-Йорк, Лондон, Минск, Стамбул, Дубайдын ак сарай, вилла, особняктарында сайран куруп, камырабай күн кечирип жүргөн бийлик эгелеринин жашоо турмушунда…

Тилекке каршы, бул ачуу чындык, бирок көпчүлүк эл ага ишенгиси келбейт. Анткени чындыкты акылдууга айтсаң угат, акылсызга айтсаң күлөт.

Ал эми КЛДПнын расмий өкүлү Элдар Абакиров мырзанын: “Бизди таза бизнесмендер, мигранттар жана эл колдоп жатат”деп мактанып чыкканы, албетте, акылга сыйбаган алдамчылык жана калп экенинде шек жок.  

Эми, аман эле болушсун дейличи, балким алар “жаштыктын, мастыктын кесепети” дегендей, бирөөнүн бир кызыкчылыгына алданып жатышкандыр. Балким бир күнү эстерине келип, элинен кечирим сурап, элинин катарына кошулуп, эли үчүн жашоону үйрөнүшөөр… Дагы убакыт бар…

Бир гана жаман жери – бекерчиликтенби же ач көздүк, арамзаалыктанбы, айтор, бешиктен бели чыгалбай жатып мансапкорлукту жана чайкоочулукту  кесип кылып алуу максатында  Жогорку Кеңешти омуроолоп жатышкан жаңы партиялардын пайда болушу кылым карыткан улуу кыргыз элинин беделине чабылган жаңы балта болбосо эле болду, Федор Михайлович айткандай!..

Анткени, чын-чынына келгенде, азыркы Кыргыз мамлекетинин акыркы 30 жылдык жапайы капиталистик “доорунда” элинин ырыскысын талап-тоноп, жеринин кен байлыгын жоопкерсиздик менен сатып, чексиз байыган мамлекеттик чиновниктерден башка, кыргыз коомчулугунда, бир да активдүү  катмар жаралган жок.

Демек, Кыргызстанда бир эле партия болушу мүмкүн. Ал Кыргызстандын мамлекеттик чиновниктер партиясы (КМЧП) деген.

Кай бир тамашакөй адамдар аларды тергеп, “Кыргызстандын саясий шылуундар партиясы (КСШП)” деп коюшат экен.

Ага альтернатива барбы?

Албетте, бар. Ансыз бул турмуштун кызыкчылыгы болбой калат эмеспи.

Ал кыргыз коомчулугунун азыркы учурдагы эволюциалык өнүгүү жолундагы ар бир айыл өкмөтүнөн баштап, райаким, шаардык жана облустук бийлик өкүлдөрүнө чейинки админстративдик башкаруу системасында өз иши үчүн керт башы менен жооп бергенди билген, түшүнгөн лидерлердин пайда болушу. Бирок, ошол эле убакта, алардын колунда өкүлчүлүктөн башка территориялык ээлик жана финансылык көз карандысыздык деген статусу жок.

Демек, ал аймактардын өз алдынча өнүгүү жолу да, тилекке каршы, борбордук экономикалык башкаруу системасынан чыга албайт. Ал системанын негизги максаты аймактарды өз алдынча өнүктүрүү эмес, ошол аймактардын эсебинен өзүлөрүн кантип багуу. Анын баары келип бир гана мамлекеттик бюджеттен көз каранды. Ал эми мамлекеттик бюджет болсо парламентарийлердин колунда.

Кыргыз мамлекетинин мындай дарексиз экономикалык өнүгүү саясаты эмнеден кабар берет? 

Ооба, Кыргызстанда экономиканы өнүктүрүү иштери менен Кыргыз мамлекетинин өкмөтү эмес,  парламенттеги партиялык фракциялардын жана алардын лидерлерлеринин иши. Ал эми иштин жыйынтыгы үчүн Президент жооп берет, б.а. ашка жүк, башка жүк мамчиновниктердин админстративдик башкаруу системасы иштейт.

Мындай шартка байланыштуу, бийлик өкүлдөрүнө түшүнүктүү болуш үчүн,  бир эле мисал келтире кетейин. Мисалы, кечирим сурайм, эсиңиздерде болсо керек, дедушка Крыловдун “квартетин” тентек маймыл, эшек, теке жана аю болуп чогулуп алып, дүйнөнү таң калтыруу максатында квартет ойношконун. Ошол сыяктуу, ар кимиси көнгөн адаттарынча өз билгенин ойноп, ар кимиси биринин ордун бири талашып, акыры, торгой айткандай, “кеп ким кандай отуруп ойногондо эмес, ким эмне ойногонду билип, түшүнүп ойногондо гана музыкант болосуңар” деп.

Анын сыңарындай, адегенде жапайы капитализмдин ыкмасы менен элди талап-тоногонду токтотуп, аймактарга өз алдынча иштөөгө түздөн-түз шарт түзүп берүү керек. Ал үчүн Жогорку Кеңеш ар бир айыл өкмөтүнүн, шаар, район жана облустардын өз территориясына өзүлөрү ээлик жана финансылык көз карандысыздык статусун бекитип, ага кошумча катары Кыргыз өкмөтү ар бир тармактык министерство жана ведомствосу аркылуу уюштуруу иштерин колдоого алып, кошумча финансылык жардамын дагы көрсөтүп, акыркы чыгарылган продукццияны  башка аймактарга жана чет мамлекетке да эскпорттоо иштерин мамлекеттик деңгээлде аткаргандан кийин гана кайтарылган кирешенин эсебинен андан аркы өнүгүү жолун камсыз кылуу.

Ушундай системада кошуна Кытай, Казакстан, Өзбекстан, жакынкы Орусия жана Белорусия, алыскы Канада, Скандинавия өлкөлөру жана Чыгышта Сингапур, Малайзия, Түштүк Корея, Жапония мамлекеттери иштешет.

Мындай система менчиктештирилген социалдык башкаруу системасы деп аталат. Бул жерде эч кимден карыз алып, миллиарддаган карыздарга батып, мамлекеттик коррупцияны күчөтүп же бажы аркылуу контрабандалык иштерди гүлдөтүүнүн эч кажети жок. Анткени өзүбүздүн байлыгыбыз өзүбүзгө, албетте, мамчиновниктер уурдап, талап-тонобосо, момундай эле жетет…

Анда эмне үчүн…?

Бул суроого урматту окурман өзү жооп берет деп ойлойм. А мен болсом, Кыргыз мамлекетинин өнөр-жайына эмгек сиңирген ишмер катары, болгонун болгондой айтып берейин.

Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан баштап ушул убакытка чейин бийликке келген батышчыл либерал-демократтар Акаев, Бакиев, Отунбаева жана аларды колдогон бийлик өкүлдөрүнүн жетекчилигинде калыптанган кыргыз коомчулугунун экономикалык, социалдык жана саясий өнүгүү жолу  “разрушим до основания, а затем!..” деген принципте 70-жылдык азап-тозок менен жетишкен Кыргыз Советтик социалистик экономикасын кыйратып, талап-тоноп, менчик капиталды топтоо менен гана алектенип келишет.

Анын натыйжасында, өзүңүздөр көрүп тургандай, СНГ өлкөлөрүнүн арасында Кыргыз мамлекети эң төмөнкү экономикалык жана социалдык көрсөткүчтөрдүн ээси болуп калды (“Общ. рейтинг” №34-2019, №09-2020).

Менимче, бул көрсөткүчтөр Кыргызстан эли үчүн, тилекке каршы, дагы да болсо чек эмес…

Анткени Президент мырзанын колдоосунда аракеттеги  “мурдун балта кеспеген” жана  “чимкирик” депутаттар илгерки “Легендарлуу парламент”  баштап берген тайгак жолдон тайбай,  дүйнөлүк адамзаттын өз алдынча өнүгүү логикасына каршы  айыл өкмөттөрүнүн, район, шаар жана облустардын территориялык статусун жана алардын финансылык көз карандысыз ишмердүүлүгүн мыйзамдаштырып берүүнүн ордуна  жүз-миңдеген гектар жерлерин, бала бакча, клуб, дворец, особняк, вилла жана комфорттолгон квартираларын арзыбаган тыйындарга сатып алышып, азыркы күнү ар бири  өз бизнестерин  гана өнүктүрүү менен алектенип келишет.

Албетте, аларды азыр эч ким жана эч нерсе токтото албайт!..

Алар аз келгенсип, эми жаш либерал-демократтар да бийликке келсе кыргыз элинин эртеңки тагдыры, Кудай анын бетин ары кылсын дейличи, балким, казино, контрабанда жана сойкуканаларды гана тейлеген Лас-Вегастын Орто Азиялык бир филиалы болуп калуу коркунучу бар экенин айткым келет…

Корутунду иретинде

Чын чынына келгенде, ушул убакытка чейин, сабырдуу кыргыз эли бийлик өкүлдөрүнө абдан сый мамиле кылып, “керегем сага айтам, келиним сен ук, уугум сага айтам, уулум сен ук” дегендей сыпайы сын-пикирин, аруу тилегин жана мүдөөсүн гана айтып келишкен. (ММК КР: 2018 – 2020 гг.)

Бирок, тилекке каршы, бийлик тарабынан элдин талабына ылайык даректүү иш-чаралар көрүлбөй келет. Эмне себептен экени азырынча белгисиз.

Ким билет, бул түшүнбөстүктөнбү же билбестиктенби, же дагы бир башка себептери барбы, айтор, эмне болгон күндө дагы бул көрүнүш кыргыз элинин эртеңки келечеги барбы же жокпу деген күмөн ой жараткандан башкага жарабай калды. Качанкыга чейин, белгисиз…

Кыскасы, бийликтин сөзү менен айтканда “Кудай буюрса” деп, канчалык кыйналган күндө дагы, ачык коронавирус эпидемиясын ачык, теңчилик жана биримдикте жапа тырмак жалпыбыз аракет кылып жеңип чыгышыбыз мүмкүн, бирок, бийлик тарабынан бирөөнү коргоп, экинчисин кордоп, үчүнчүсүнө “мен элим менен” деп жагынып жашаган бийлик өкүлдөрүнүн теңсиздик саясаты,  албетте, жабык коррупцияны эч качан жеңе албайт.

Анткени, күнүмдүк жашоо турмушта болобу же бир кылымда бир келчүү  табияттын бөөдө кырсыгы болобу, эсиңиздерде болсун, айланайындар, бир ууч элди экиге бөлүп-жарбай, бирөөнү кор, бирөөнү зар кылып кемсинтпей, ошол карапайым калк ишенип берген мандатыңарды, милдетиңерди так аткарып, убактылуу же туруктуу кыйынчылыктар болобу, Жараткан адам баласына берген сыноодон аман-эсен бирге чыгып кетүүнүн бир эле жолу бар.

Ал жол, албетте, ачыктыктын, теңчиликтин жана биримдиктин жолу.

Кыргыз элин эл катары сактап калуунун башка жолу жок, президент мырза, сөз сизде…

Oper.kg