Домой Коом / Общество Коомдук пикирди өзгөртүүгө, Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү болуп жатат

Коомдук пикирди өзгөртүүгө, Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү болуп жатат

Парламенттик шайлоонуу утурлап, башка чет өлкөлөрдүн, Эл аралык институттардын Кыргыз Республикасынын ички ишине кийлигишип жатканына байланыштуу мониторинг борборунун кайрылуусу

Эл аралык республикалык институт Кыргызстандагы демократиялык институттарды өнүктүрүү, адам укугун коргоо, сөз эркиндигин камсыз кылуу, бей өкмөт уюмдарды колдоо багытында көп аракеттерди көрүп келе жатканы бизге маалым.
Биз бул институттун ишмердүүлүгүнө сыйлоо менен мамиле кылабыз. Бирок азыр сиздерге бир маселе боюнча кайрылууга мажбур болдук.
Жакында USAID дин колдоосунун аркасы менен Cenfer forInsights in Survey Research Эл аралык республикалык институттун көрсөтмөсү боюнча SIAR Research and Consulting компаниясынын изилдөөсү чыгып, анда алар Парламенттик шайлоонун алдында элдин пикирин сурамжылоону жарыялашты.
Ушуга окшогон эле башка изилдөөнү “Общее дело” деген коомдук фонд аркылуу 2 ай мурун заказ бердирип жарыяланган.
Аталган институт тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентин жана депутаттарын шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамынын 40 статьясын одоно бузуулууда. Анда чет өлкөлөр, эл аралык уюмдар, юридикалык жактар
тарабынан шайлоо ишин каржылоого жол берилбей тургандыгы айтылат. Бул шектүү изилдөөлөрдү каржылап бир жактуу, такталбаган, чындыкка дал келбеген субъективдүү маалыматтарды таратып, элдин шайлоо алдындагы көз карашын бурууга аракеттер болду деп эсептейбиз. Коомдук пикирди өзгөртүүгө аракет кылып жатканыңыздар ачык көрүнүп турат жана Кыргызстандын ички ишине ого бетер кийлигишип жатканыңар өкүнүчтүү.
Массалык маалымат каражаттарына чыккан ар-кандай маалыматтарга, макалаларга, түрдүү изилдөөлөргө элибиз ишенип, анан ошого жараша жыйынтык чыгарышат. Айрыкча шайлоонун алдында элибиздин саясий активдүүлүгү ого бетер күчөп, ММК га чыккан маалыматтар катуу талкууланып, алар тууралуу коомдук пикир чагылгандай тездик менен түзүлүп турган мезгил.
Азыр элибизди пандемия каптап, экономикалык абал оор болуп турган чакта абалды курчутуп жиберүүгө түрткү болчу мындай коомдук сурамжылоолорду уюштуруу маселесинде өтө кылдат жана аяр мамиле кылуу зарыл. Айрыкча чет өлкөлүк уюмдардын каржылоосу менен өтүшү такыр болбош керек.
Шайлоонун жүрүшүндө мындай коомдук сурамжылоону саясий партиялар түрдүү максатта пайдаланып, өзүлөрүнүн жеке кызыкчылыктарына жана максаттарына жетүү үчүн колдоно башташты. Алар коомдук пикирди өзүдөрүнө буруу үчүн бардык методдорду жана маалыматтарды пайдаланаары турган иш. Бир жактуу, үстүртөдөн болгон изилдөөңөр мына
ушундай курал болуп берет.
Өзүлөрү менен бетме-бет жолукпастан, аларды телефондон сурамжылоо аркылуу жыйынтык чыгаруу илимий же башка терең изилдөөлөрдүн категориясына кирбейт жана чындыгына чоң күмөн туудурат.
Буга бир далил катары, бул изилдөөдө коомчулук жана шайлоочулар тарабынан көп колдоо таппаган, элдин арасында көп кадыр-баркка ээ эмес партиялар биринчи орундарга жылдырылып, тескерисинче, элдин ишенимине татыган, элдин калың катмарынын колдоосуна ээ партиялар арткы орунга жылдырылыптыр. Муну кандай деп түшүнсө болот? Ал эми
силер алдыңкы орунга койгон Ата-Журт партиясы талашка түшүп шайлоого катышкан жок. Ак Жол партиясын он жыл мурун эле эл унутуп калган.
Ошондуктан аталган жогорудагы аталган сурамжылоолор чындыкка жана реалдуулукка түк дал келбей,шайлоочулардын башын айлантуунун гана амалы болуп жатат.
Чет элдик партиялардын, түрдүү компаниялардын эл аралык уюмдардын көрсөтмөсүнүн жана каржылоосунун негизинде шайлоолордун алдында сурамжылоо жүргүзүүсү алардын көз каранды эмес, эгемен мамлекеттин ички саясий ишине кийлигишүү катары карап, коомдук пикирди башка жакка
бурууга карата жасалган аракет деп бааласак болот.
Бул кандайдыр бир деңгээлде улуттук коопсуздукка да өзүнүн тескери таасирин тийгизиши толук мүмкүн. Сиздер сурамжылаган адамдардын пикирин “бүткүл өлкөнүн пикири” деп эсептөөгө болбойт.
Биз эл аралык уюмдарды жана башка чет өлкөлөрдү мамлекеттин ички ишине кийлигишпей, өздөрү каалаган коомдук пикирди түзүш Кыргызстандын жарандарын өз кызыкчылыктарына пайдаланбоосуна чакырабыз.
Белгилеп кетүүчү жагдай, мындай изилдөөлөрдү өлкөнүн азыркы иштеп жаткан мыйзамдары менен жүргүзсөңүздөр болот. Ал эми бул ишке чет элдик каржылоону колдонуу, өлкөнүн мыйзамдарын одоно бузуу болуп саналат.
Сиздерге кайрылып, бул сурамжылоону жокко чыгарып, кайрадан кайтарып алышыңыздарды суранабыз.
Сиздер бул өтүнүчтү түшүнүү менен кабыл алаарыңыздарга ишенимибиз зор.

Парламенттик шайлоодогу мониторинг борборунун жетекчиси: Турсунбек Акун